Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.10.2018 10:02 Жаңыланды: 08.10.2018 14:10

Айыл турмушу: Түптүн тургуну С.Шатенов 3 айылдын койлорун киринтет (фото)

Turmush -  Түп районунун Токтоян айылынын тургуну Садыр Шатенов 3 айылдын койлорун купкага салып берет.

Өзүнүн айтымында, Ленин комсомолу атындагы совхоздун Чалкак коктусунда жайгашкан купка союз тараганда талоонго түшүп, талкалангандан калганын кайра оңдоп-түзөөдөн өткөрүп алган. Ал эми Чоң-Тогузбай айылында мал баккан Гүлмира Кожокеева койлорун ушул купкада киринтерин айтат.

«Акыркы 5 жылдан бери койлорду эки маал — жазында жайлоого чыгарда, күзүндө малды ээлерине таратып берерде ар бир кой башына 12 сомдон купкага салабыз. Менден башка Карасаев айыл аймагына караштуу 3 айылдын эли дагы койлорун ушул купкага алып келип салышат», - деди Г.Кожокеева.

Садыр Шатенов ушул күздө 60 жашка чыкты. Жубайы Анара Майлыбаева экөө 4 кыз, 1 уулдуу болушкан. Алардын кыздары өз жолун таап кетишсе, уулу Белек 11-классты аяктоо алдында турат. Белек бош боло калганда атасынын билген өнөрлөрүн аткарууга далалат.

Садыр атанын короосунда жем тарткан агрегат да бар. Аны менен айылдыктардын төрт түлүк малына, тоокторуна жем тартып берет. Андан тышкары ондон ашык бал челеги бар. Аны атайын бал челекчинин жумушун окуп үйрөнгөн Анара Майлыбаева менен ата-энесинен үйрөнгөн Белек үчөө иштетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×