Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 08.10.2018 09:56 На русском

Жумгалда бажасынын үйүнө барган киши уйкудан ойгонбой калды

Turmush -  Жумгал районунда 40 жаштагы тургун бажасынын үйүнө барып, уйкудан ойгонбой каза болду.

Маалым болгондой, 3-октябрда саат 09:45 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө тез жардам кызматы аркылуу Чаек айылындагы турак үйлөрдүн биринде эркек кишинин каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Жумгал РИИБдин ыкчам тергөө тобу аталган дарекке барышкан. Алар Жумгал районунун Жаңы-Арык айылынын 1978-жылы туулган тургуну К.А. З-октябрь күнү болжол менен саат 09:30 чамасында 1978-жылы туулган Т.Ш. аттуу бажасынын үйүнүн уктоочу бөлмөсүндөгү керебетте уктап жаткан боюнча каза болгонун аныктады.

Бул окуя боюнча иликтөө иши Жумгал РИИБ тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×