Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
06.10.2018 10:47

Аламүдүндөгү машыгуу: Куткаруучулар өрттөнүп жаткан контейнердеги адамды алып чыгышты (сүрөт)

Turmush -  ӨКМдин Чүй облусунун Аламүдүн районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери өрт өчүрүү боюнча машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алдын ала даярдалган сценарий боюнча, «Чекиш-Ата» базарындагы контейнерде өрт чыгып, маалымат түшкөндөн кийин дароо 2 өрт өчүрүү бөлүмү жана куткаруу кызматы жөнөтүлдү. Ошондой эле окуя болгон жерге тез жардам бригадасы келип, ал эми милиция кызматкерлери аймакты курчоого алышты.

Өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар ыкчам иштеп, өрттү өчүрүп, күйүп жаткан контейнерден жабырлануучуну алып чыгышты. Жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин тез жардам бригадасына өткөрүлүп берилди.

Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Сабыржан Аламановдун айтымында, машыгуулар өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана адамдар көп топтолгон аймактардын өзгөчө кырдаалга болгон даярдыгын текшерүүгө жардам берет. ӨКМдин кызматкерлери райондогу кафе-ресторандарда, базарларда машыгууларды өткөрүп, өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×