Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусу, Нарын 06.10.2018 02:04 На русском

Айыл турмушу: 63 жаштагы Т.Сулайманова кызы жана 2 келини менен чоогу келечек муунга билим берип келет (сүрөт)

Turmush -  Төлөбүбү Сулайманова быйыл 63 жашта. Ал 1 кызы жана 2 келини менен бирге билим берүү тармагында иштеп келет. Балдарды окутуудан ырахат алган мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Төлөбүбү Сулайманова 1955-жылы Куланак айылында төрөлгөн. Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясын аяктап, Пржевальск педагогикалык институтуна тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун Нарын шаарындагы «Нур» балдар бакчасында тарбиячы болуу менен баштаган. Андан соң №10 мектепте башталгыч класстарга сабак берип, 10 жыл иштеген. Андан бери Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде иштеп жатат.

«Өзүм балдарды аябай жакшы көрөм. Болгон билимимди балдардан аягым келбейт. Ооруп калсам да сабактан калбайм. Мектептин босогосун жаңы аттаган балдардын жаркыраган жакшынакай көздөрүн көргөндө эле айыгып кетем. Балдар менен бала болуп эле ооруган жериңди да билбей каласың. Менден окуп кеткен балдар олимпиадага көп катышышты. Окуучуларым менен аябай сыймыктанам. Жеке эле окууга дилгир эмес, башка ийримдерге катышып, ийгиликтерди байма-бай жаратышууда», - деди ал.

Төлөбүбү Сулайманова 41 жыл мурунку жана азыркы ата-энелер менен балдарды салыштырып айтып берди.

«Мурун балдар окууга дилгир болуп, берилген тапшырманы сөзсүз түрдө аткарып келчү. Азыр мурункуга салыштырмалуу балдар жалкоорок. Мурда баланы урушуп койсоң, ата-энелер көп келчү эмес. Азыр кичине эле урушуп койсок, ата-энелер жетип келишет. Бул туура эмес. Биз эмнеге урушабыз, себеби бала жакшы окуп, кесипке ээ болсо экен деп урушабыз. Жакшы оку, сулуу жаз дейбиз. Башкысы ата-энелер балдарга туура багыт бериши керек. Ата-энелер чындыгында үйүндө жакшы карашпайт. Көбүнчөсү иштен бошобой чарчап барып эле “балам өзүң жазчы” деп коет болуш керек. Жакшы мугалим балдардын оюн, мүнөзүн билип, аларды өзүнө тартып, болгон билимин бериши керек. Баланын пайдубалын башталгыч класстан баштоо керек», - деди ал.

Төлөбүбү Сулайманованын 3 кыз жана 2 эркек баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×