Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 06.10.2018 22:29

Айыл турмушу: Жаңылыктын жарчысы Айгүл Жамгырчиева Айгүл гүлгө суктанып жашайт (сүрөт)

Turmush -  Калкка түрдүү маалымат жеткирип, жаңылыктын жарчысы болгон Айгүл Жамгырчиева Чүй облусунун Жайыл районундагы Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын 44 жаштагы тургуну. Ал Кыргыз почтасынын Жайыл райондук филиалынын Калинин байланыш бөлүмүнүн башчысы.

«Аз болсо да маянам, жаңылыкты жая алам, жакшылыкка таянам» деген Айгүлдү айыл тургундары «почточу кыз», пенсия, жөлөк пул (пособие) күткөндөр «акча» деп эркелетип да коюшат. Анын балалыгы туулуп өскөн Сокулук районундагы Төш-Булак айылында өттү. Орто мектепти аяктаган соң экономист-бухгалтер адистигин алып, почта тармагында иштеп келет. Анын байланыш бөлүмүндөгү ишмердиги, гезит-журналдарга, басма сөзгө, массалык маалымат каражаттарына болгон көз караштарынын күнгөй-тескейи менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бул кызматты 10 жылга жакын убакыттан бери аркалап келем. Кээде айыл аралап эл менен жуурулушуп аңгеме-дүкөн курганда кадимкидей сергип, жан дүйнөм жаңылыкка толуп калат. Көрсө, айылды сагынып калат окшойм. Мен эле эмес көпчүлүгүбүз ошондой болсок керек. Анткени, кыргыздын табияты жаратылыш менен синтездешкен да. Калкка кат, гезит-журнал жеткиребиз. Алардын жашоосуна руханий азык тартуулайбыз. Бир караган, сырттан көз ирмем байкоо салган адамга жөпжөнөкөй көрүнөт. Бирок айрымдар билбеген, билсе да көңүлгө илбеген көйгөйлөрүбүз толтура. Чындыкты айтуу керек. Ушул тапта басма сөзгө жазылууну четке каккандар четинен табылат. Себеби, интернет жаңылыкты ыкчам, тез жеткирет. Мектептерде электрондук окутуу, санариптик башкаруу, онлайн түрүндө карым-катнаш түзүү жолго коюлуп калбадыбы. Ошондой болгон күндө да гезит-журналдын ролун элге түшүндүрүп келебиз. Жакшы сөз жылуу мамиле ар бир нерсенин артыкчылыгын тааный билүү менен тыгыз байланышат турат», - деди бөлүм башчы.

Учурда ардактуу эс алууда жүргөн, көп жылдар почта кызматында эмгектенген Базаркүл Жамакеева байланыш бөлүмүнүн башчысы Айгүлдүн устаты, пикирлеши. Аны «менин апам» деп коет. Бош убактыларында келип, жаңылыктар менен таанышып, көмөктөшүп кетет. Байланыш бөлүмү Айгүлдүн куттуу үйүнө айланган. Тазалыкка толгон, гезит-журналдарга бай байланыш бөлүмү дайыма эшигин ачып, өзүнүн аурасы менен өзгөчө мээрим төгүп турат. Тамаша сөздөрдү куюлуштуруп, кээде акырын созолонтуп ырдап коюп, иштен башы көтөрүлбөйт.

Айгүл Жамгырчиева: «Баса, келе жаткан 9-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк почта күнү эмеспи. Сиздер аркылуу кесиптештеримди алдын ала куттуктап кетейин. Сиз Баткендеги Айгүл гүлү жөнүндө билесизби? Ал сейрек кездешүүчү кооз, тоо гүлү. Ал адамдарга дайыма жакшылык гана каалайт. Башка жерге отургузсаң өспөйт, өнбөйт. Мен да гүлдү сүйөм. Үйүм толтура түркүн гүлгө толгон. Мен да ошондоймун, байке. Атым Айгүл да. Ай толгондо гүл ачкандай көңүлүмө төп келген реалдуу көз карашты пир туткан, таза иштеп, тунук ойго тунган адамдарды сыйлайм, кадырлайм, урматтайм. Кээде идеал да тутам. Бир орунда иштеп, жолдошум Мидиндин, уулум Эржан, кызым Бегайымдын, кесиптештеримдин, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жүрүү — мен үчүн өзгөчө бакыт. Ошондон кумарланып турмуштун таттуу даамын татып келем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×