Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусу, Талас 10.10.2018 10:03

Айыл турмушу: Таластык Мээржан айым 9 жылда бери кыздарга «бакыт көйнөгүн» кийгизип келет (фото)

Turmush -  Таластын 26 жаштагы тургуну Тилек кызы Мээржан турмушка чыккан кыздарга үлпөт көйнөк берген салондо иштеп, алардын бактылуу мүнөттөрүнө күбө болуп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Калинин айылынын келини. Күндө Талас шаарына каттап иштейт. Бул иш менен студент кезинде эле алектене баштаган.

«Бул тармакта иштегениме быйыл 9 жыл болду. Азыр эл сезон деп күздү күтпөй калган. Жайы-кышы той боло берет. Ушул жумуш жан дүйнөмө жакын болуп туруп алды. Кыздардын үлпөт көйнөктөрдү кийип, бактылуу болуп жатканын көрүп, өзүм дагы толкунданып кетем. Үлпөт көйнөктөрдүн баалары 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин болот. Бул баанын ичине кыздардын чач жасалгасы, бетин сулуулоо, унааларды кооздоо кызматы дагы кирет», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы кызыктуу окуяларды эскерди.

«Жумушумда кызыктуу окуялар көп болду. Бизде тойго 2-3 жума мурун калганда көйнөккө буйрутма берип кетишет. Бир жолу бир келин тойго 2 жума мурун келип жазылды. 6 айдан ашык боюнда бар болгондуктан кош бойлуулар үчүн көйнөктү тандады. Тойго 2 күн калганда «жаңы көйнөк керек, кызыбыз 7 айлык болуп төрөп койду» деп чалышты. Той күнү баласы ооруканада көзөмөлдө калып, келин көйнөктүн ичинен жылуу кийимдерин кийип алып тоюна катышкан. Той бүткөн соң төрөтканага кайрадан барып, 2 күндөн кийин чыгыптыр.

Дагы бир окуя эсимде. Келин Жалал-Абаддан экен. Таластык жигитке турмушка чыгып, бул жакта той өткөрүп жатышкан. Келинге көйнөгүн кийгизип чыкканча, салондун алдынан Жалал-Абаддан келген курбусун ала качып кетишкен эле. Баары ызы-чуу болуп калды. Бирок жалал-абаддык кыз ала качкан жерине отурбай, курбусунун тоюна катышкан деп уктум», - деди ал.

Ишкер айым жолдошу экөө 2 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×