Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусу, Талас 24.09.2018 11:40

Таза суу, түнкү чырактар, жүздөгөн дарактар... Талас шаарында быйыл аткарылган долбоорлор (фото)

Turmush -  Талас шаарында 2018-жылдын 9 айында бир катар иштер аткарылды. Бул тууралуу шаардын мэри Айдар Жузупбеков билдирди.

Жарыктандыруу:

Шаарды жарыктандыруу максатында Ж.Тагайбаев, Рыскулов, Ш.Шеркулов, Э.Мадиев, Ч.Сатаев, Бердике баатыр, М.Күрөңкеев, Э.Турсуналиев, Манас, О.Шамбетов, К.Токтогулов, А.Алдашүкүров, Бөкөнбаев, Чапаев, Оторбаев, Токтогул көчөлөрүнө жаңы 93 прожектор коюлуп, 213 прожектор алмаштырылды. 5391 метр электр чубалгысы, 11 даана жол чырак жаңыртылган.

«Бакубат-Талас» фондунун каржылоосу менен 1 млн сомго Бердике баатыр көчөсүнүн Ж.Мырзалиев көчөсүнөн К.Жаманкулов көчөсүнө чейинки аралыгына 50 прожектор орнотулган. Дагы 1 млн сомго борбордук сейил бакты жарыктандыруу максатында 80 даана прожектор орнотулду. 2 536 35 сомго Талас шаарынын ички көчөлөрүнө 130 даана прожектор коюлду.

Шаарды абаттоо:

Бүгүнкү күндө Манас көчөсүнүн И.Сарыгулов көчөсүнөн Ж.Мырзалиев көчөсүнө чейинки 482 метр аралыгына темир тосмолор жана 23 даана прожектор мамылары менен орнотулду. Ч.Айтматовдун айкелинин айланасы 439 339 сомго оңдолду. 360 020 сомго Ч.Айтматов аянтынынын тегереги темир тосмо менен курчалды. 1 498 416 сомго К.Нуржанов аллеясын А.Оторбаев көчөсүнөн А.Огомбаев көчөсүнө чейин абаттоо иштерин жүргүзүү боюнча тендер жарыяланган.

И.Сарыгулов көчөсүнө Ч.Айтматов көчөсүнөн Бердике баатыр көчөсүнө чейин суу өтүүчү 47 даана лоток орнотулган. Талас шаарынын чыгыш жана батыш тарабындагы жаңы конуштарын электер энергиясы менен камсыздоо максатында электр линиялары мамылары менен орнотулду.

№19 жол тейлөө ишканасы тарабынан жол оңдоо боюнча жалпы 5 400 685 сомго тендер өткөрүлүп, «Жолчу» ишканасы тарабынан Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүнүн Алымбеков көчөсүнөн Талас облустук ооруканасына чейинки 800 метр аралыгына, Ж.Мырзалиев көчөсүнүн А.Оторбаев көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейинки 200 метр аралыгына асфальт төшөлүүдө.

Жашылдандыруу:

Талас шаарын жашылдандыруу максатында борбордук сейил багына 391 ак кайың, 56 түп эмен жана 156 түп терек отургузулду. Сейил бактан тышкары Ч.Айтматов, Бердике баатыр, А.Оторбаев көчөлөрү баш болгон бир топ көчөлөргө 2000 түп туя отургузулду. 2018-жылдын февраль айында 191530 сомго петунья, бархат, сальвия гүлдөрүнүн уруктары сатылып алынып, мэриянын күнөсканасында өстүрүлгөн. Май, июнь айларында гүлдүн 33273 даана көчөтү шаардын борбордук көчөлөрүнө жана борбордук паркка отургузулду.

Талас облусун өнүктүрүү фондуна төмөндөгү долбоорлор сунушталып, тендерлер өткөрүлүүдө:

- Талас шаарынын ички көчөлөрүн жарыктандыруу долбоору. Долбоордун жалпы суммасы 4 700 000 сом.

- Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүнүн Ч.Сатаев көчөсүнөн А.Нуржанов көчөсүнө чейинки аралыгын абаттоо долбоору. Долбоордун жалпы суммасы 1 500 000 сом.

- Талас шаарынын тазалыгын камсыздоо максатында 100 евроконтейнер сатып алуу жана орнотуу долбоору. Долбоордун жалпы суммасы 2 000 000 сом.

- Айкөл Манас атанын эстелигин орнотуу долбоору. Жалпы суммасы 3 500 000 сом.

- 13473146 сомго 3 даана коммуналдык техника сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен таштанды ташуучу 1 техника жана жолго суу себүүчү, жолдорду жууп тазалоочу, кар тазалоочу жана кум себүүчү 2 техника сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Таза суу:

«Талас шаарынын таза суу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында шаардын Сатаев, Тагайбаев жана Рыскулов көчөлөрүнүн тургундарына жаңы курулган система менен таза суу берилди жана аталган көчөлөрдүн казылган жолдору калыбына келтирилип, 5000 метр жерге асфальт төшөлдү. Таза суу системасынын кайра калыбына келтирүү долбоорунун алкагында шаардын Жаңы-Чек конушунун таза суу системасы жаңыланып, тургундар таза суу менен камсыз болушту. Талас шаарынын канализация түйүндөрүн кайра калыбына келтирүү иштерин алып баруучу концорциум тарабынан 7450 метр түтүк тартылып, бетон чуңкурлары казылды. Шаардын көп кабатуу 8 үйү жаңы канализация системасына кошулду.

Ижарачылар жана бюджет:

2017-жылдын 6 айына карата жалпы ижарачылардын саны 214ү түзгөн. Ижарачылардын санын аныктоо боюнча инвентаризация жүргүзүүнүн жыйынтыгында ижарачылар келишимдерин узартпай жүргөн фактылар аныкталган. Көзөмөлдөөчү органдар менен тыгыз иштөөнүн алкагында 2018-жылдын 6 айында ижарачылардын саны 305ке жеткен. 2018-жылдын 6 айына коюлган план тапшырма боюнча жергиликтүү бюджетке 2 651 435 сом түшүп, план 180% пайызга аткарылып, ижарачылар менен үзгүлтүксүз иштер аткарылууда.

Мындан тышкары муниципалдык жер тилкелерин ижарага алып жана ар кандай курулмаларды куруп алып, келишим түзбөй өз билемдик менен курулуш иштерин жүргүзгөн фактылар аныкталды. Натыйжада 18 объекттин үстүнөн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кат түрүндө кайрылуу жолдонгон. Ижара келишимдерин узартпай жүргөн жана ижарага алган жер тилкесин иштетпей келгендерден 11 контейнер атайын токтотуучу жайга коюлуп, 8 даана павильон ээлери тарабынан чыгарылган.

2018-жылдын 6 айында Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын атайын эсебиндеги каражаттын эсебинен төмөндөгү жумуштар аткарылды:

- Талас шаарынын А.Огомбаев, И.Сарыгулов көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы суу агуучу лотокторду орнотуу боюнча атайын ишкана менен 294 223 сомго келишим түзүлдү. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толук аткарылды;

- Талас шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын оңдоо иштерине 156 000 сом которулуп берилди;

- Талас шаарынын Манас көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесиндеги павильондордун архитектуралык көрүнүшү оңдолду;

- Талас шаарынын А.Огомбаев көчөсүнүн жана К.Нуржанов аллеясынын кеслилишинде жайгашкан курулушу бүтө элек имарат 0,8 га жери, 2 800 000 сом баланстык баасы менен муниципалдык менчиктин реестрине киргизилди;

- Тышкы инвестиция менен Талас шаарынын Баатырлар паркына брусчатка төшөлүп, суу өтүүчү арыктар оңдолууда.

А.Жузупбеков

Айдар Жузупбеков шаар мэри болуп 2017-жылдын март айында шайланган.

Аты-жөнү: Жузупбеков Айдарбек Жапарович.

Туулган жылы: 1968-жылдын 10-апрели.

Жашаган жери: Талас шаары.

Улуту: кыргыз.

Билген тилдери: кыргыз, орус.

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү.

Билими: Жогорку, К.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетин аяктаган.

Сыйлыктары: Аскердик кызматтагы каармандыгы үчүн II даражадагы сыйлык, ӨКМден «Өрткө каршы мамлекеттик кызматына 85 жыл» мааракелик медалы.

Иш тажрыйбасы:

- 1985-1986-жылдары Киров районундагы Киров атындагы колхоздо иштеген;

- 1986-1993-жылдары К.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти;

- 1987-1989-жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн;

- 1993-1995-жылдары Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы «Капал» ишканасында инженер;

- 1995-1998-жылдары «Капал» ишканасынын башкы инженери;

- 1998-2007-жылдары жеке ишкердик менен алектенген;

- 20017-2010-жылдары Талас шаарындагы «Эмгекчил» муниципалдык ишканасынын жетекчиси;

- 2010-жылдын февралынан сентябрь айына чейин Талас шаардык коммуналдык кызмат муниципалдык ишканасынын жетекчиси;

- 2008-2010-жылдары Талас шаардык кеңешинин депутаты;

- 2010-жылдан 2017-жылга чейин Талас шаардык кеңешинин төрагасы.

- 2017-жылдын 17-мартынан тарта Талас шаарынын мэри.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×