Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 02.04.2017 13:11

Элдик уламыш: Байдын 30 жаштагы уулу менен кедейдин жалгыз кызы боюн таштаган тоо Абыл-Мейиз аталып калган

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Буйга айылында Абыл-Мейиз мазары бар. Ал мазарга айылдан ат менен эки сааттык жол жүрүп жетишет. Кум-Бел тоосунун түбүндө жайгашкан мазар өзүнө сырдуу уламыштарды камтыганы менен таанымал.

Жергиликтүү тургундар арасында айтылган уламыш боюнча, байдын Абыл аттуу жалгыз уулу көп убакыт өзүнө ылайыктуу жар издеп үйлөнбөй жүрүп калган. Жашы 30га таяп калганда тойго барып, ошол жактан жакыр жашаган үй-бүлөнүн жалгыз кызы Мейизди жактырып калат. Көзү түшкөн селки келишимдүү, назик, сулуу, дене мүчөсү кынтыксыз, нурлуу деп сүрөттөлөт. Бир көргөндө ашык болгон Абыл ата-энесинин тоскоолдуктарына карабастан ал кызга үйлөнүүнү чечет. Акыры жуучулар барып, жаштар арасында кыз куумай оюну башталат. Оюн учурунда Мейиз: «Мага жетсең сендикмин, жетпесең жок болом», - деп ат чаптырып алдыга оозуп кетет. Абыл анын артынан ат чаптырып жеткенче кыз тоонун боорунан өзүн таштап жиберет.

Дагы бир маалыматтар боюнча, кыз ага турмушка чыккысы келбей, ушул кадамга барган. Кыздын каза болгонун сезген байдын баласы намысына чыдабай, өзү да ошол жерден кулап каза болот. Экөөнүн сөөгү бир күндө жерге берилип, мүрзөсү жакын орнотулган деп айтылат. Кийинчерээк алар боюн таштаган тоо Абыл-Мейиз аталып калган.

Жайлоого чыккан жергиликтүү тургундар кээде ак кийимчен эки жаш жардын үстүндө так секирип, бийлеп, чуркап ойноп калганын айтышат. Аларды Абыл менен Мейиз деп эсептешет.

Ылай-Талаа айылындагы мектептин тарых мугалими Уранбек Төлөк уулу бул мазар боюнча башкача варианттар бар экенин кошумчалады.

«Эл оозунда ар кандай айтылат. Мисалы биздин айылда Алмейиз деп эле аталат. Уламышта Ал кыз, Мейиз бала деп айтылат. Эки жаштын баш кошуусуна ата-энеси каршы болгондо экөө тоодон өздөрүн таштап жиберген. Ошондон кийин тоонун түсү да өзгөрүп, ак-кызыл эки түс пайда болгон. Аталган тоонун айланасы абдан кооз. Карагай, карагаттар жыш жайгашкан. Жергиликтүү тургундар анча маани бербегени менен бул жердин атын алыстан угуп, сыйынуу үчүн келгендер көп болот деп угуп калам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×